Путин 10 жаштагы Кобилжондун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланарын айтты
Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда 10 жаштагы Кобилжон Алиевдин өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланарын билдирди. Кремлдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ал маркум өспүрүмдүн туугандарына жана тажик кесиптешине көңүл айтты.
"Балдарга карата жасалган теракт бул - жийиркеничтүү өзгөчө кылмыш. Тергөө аягына чыгарылып, күнөөлүүлөрдүн баары толук жазага тартыларына эч күмөн жок",-деген Путин.
Рахмон, өз кезегинде, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин белгилеп...