Тайланд жана Камбожа атышууну токтотуу жолдорун талкуулайт
Тайланд жана Камбожанын коргоо тармагындагы расмий өкүлдөрү 24-декабрда ок атышууну токтотуу режимин калыбына келтирүү жолдорун талкууламакчы. Мындай чечим дүйшөмбүдө Куала-Лумпурда Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) башкы дипломаттарынын жыйыны маалында кабыл алынды.
Рейтер агенттиги кабарлагандай, 11 өлкөнүн тышкы иштер министрлери тараптарды карманууга жана жаңжалды токтотуу үчүн кечиктирилгис чара көрүүгө чакырышты.
Тайланд менен Камбожа 817 километрлик чек ара тилкесинде үч жумадан бери аткылашып келатат.