Түлеев Атамбаевдин тушунда салыктан качканын, азыркы бийликтин убагында 300 миллион сом төлөгөнүн билдирди
Ишкер, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда салыктан качканын, азыркы бийликтин тушунда ошонун айынан 300 миллион сом төлөгөнүн билдирди. Ал журналист Майраш Базлакуновага курган маегинде мурдагы президенттердин убагында салык төлөбөө ишкерлер үчүн кадыресе көрүнүш болгонун билдирген.
"Ачыгын айтайын, Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир дагы салык төлөгөн эмесмин. Атамбаевге баары бир болчу. Төлөп жатасыңбы, төлөбөй жатасыңбы, анын иши да жок болчу.