Чүйдүн акими Тагаев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй облусуна караштуу Чүй районунун акими Русланбек Тагаев кармалганын билдирди. Анда кум-шагыл аралашмаларын казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүүгө байланыштуу кылмыш иши козголгонун, акимге анын негизинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен айып тагылганын маалымдады.
"Райондук администрациянын башчысы Т.Р.Т. кыргыз өкмөтүнүн токтомунун талаптарын бузуп, 0,1 гектардан ашпаган аянттагы дарыянын нугунан кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензия берүүгө уруксат берген.