Жер мунапысы аяктады, талаштуу тилкелерди атайын комиссия карайт
Жер агенттиги жаңы комиссия түзүп, шахматтык жерлер боюнча иш алып барат. Жаңы жарлыкка ылайык, мындай жер ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир же айыл чарба багытындагы жер тилкеси сунуш кылынышы мүмкүн. Азыр жаңы комиссиянын курамы такталууда.