Өкмөт Кыргызстанда АЭС куруу маселеси талкууланып жатканын маалымдады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" каналына курган маегинде энергетикалык абалдан улам атомдук электр станциясын куруу маселеси өлкө жетекчилиги менен талкууланып жатканын, бирок буга акырындап келүү керек экенин белгилеген.
"Мен жакын арада Москвага барып, Өзбекстан жана Казакстандан барган кесиптештерим менен сүйлөшүп калдым. Алар атомдук электр станцияларын куруу боюнча маселени колдоп, курулушту башташты. Чынын айтканда, менин да баштапкы оюм боюнча кабатырлануу болгон.