Дрон колдонуу боюнча авиациялык эрежелер долбоору коомдук талкууга коюлду
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги "АПКР‑6. IV бөлүк. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Учкучсуз учуучу аппаратар" деп аталган авиациялык эрежелердин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Мекеменин маалыматына караганда, долбоор жарандык авиацияда учкучсуз учуучу аппараттардын ишин жөнгө салуу, аларды пайдалануунун тартибин аныктаган нормаларды киргизүү максатын көздөйт. Чет өлкөлөрдөн дрон алып келип Кыргызстанда учурууну каалагандар жана өлкөдөгү дрон ээлери бул эрежелерге шайкеш иш алып барышы керек.