АКШдан депортацияланган орусиялыктар Москвага жеткирилди
9-декабрга караган түнү Москвага АКШдан депортацияланган орусиялыктарды алып келген учак конду. Орус жарандары АКШдан Египет аркылуу чыгарылып, Орусияга жеткирилген.
Бул тууралуу “Агентство” басылмасы Russian America for Democracy in Russia уюмунун жетекчиси Дмитрий Валуевге таянып кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, ушуну менен быйылкы жылы үчүнчү ирет орус жарандары АКШда депортацияга туш болду.
“Медиазона” басылмасы жазганына караганда, бул жолу 64 орус жараны депортация болуп келди. Басылманын өз булагы билдиргенине караганда...