Улуттук банк президенттин уулу негиздөөчү болгон банкка лицензия берди
Улуттук банк 3-декабрдагы чечими менен “Берекет банк” жабык акционердик коомуна улуттук жана чет өлкөлүк валютада банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берди.
Банкты президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов негиздегени быйыл октябрь айында белгилүү болгон.
Улуттук банк 10-октябрда “Берекет банк” жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берген чечим кабыл алган. Ал 20-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Жаркынбек Сагындыков жетекчи болгон.