Саламаттык сактоо министрлиги 263 жеке клиниканын ишин токтотту
Саламаттык сактоо министрлиги одоно мыйзам бузууларга байланыштуу 263 жеке клиниканын иши токтотулганын кабарлады.
Мекеменин маалыматында медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Кыргызстан боюнча 541ден ашык менчик клиникалар текшерилген. Алардын ичинен 246сы же 45,5% жарактуу лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган.
Лицензиясы бар 295 медициналык уюмдун ичинен 110да да мыйзам бузуулар табылган. Айрымдар лицензияда каралбаган багыттар боюнча медициналык кызмат көрсөтүп, кызматкерлердин тиешелүү билими...