БШКнын жумушчу тобу №19 шайлоо округу тууралуу арызды четке какты
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу 8-декабрдагы отурумунда №19 шайлоо округунан талапкер Рысгүл Акимжанова жазган арызды карап, далилдер жетишсиз деген негизде канааттандыруудан баш тартты. Анда Акимжанова ал катышкан округда башка талапкерлер тарабынан добуш сатып алуу фактылары болгону тууралуу билдирген.
Бул жыйында №26 шайлоо округунда талапкер Медербек Саккараевдин үгүтчүлөрү акча таратканы тууралуу арызды дагы карады, бирок чечим чыгарган жок. Анда Ички иштер министрлигинин...