БШК төрагасы Шайназаров талапкер Жолдошеванын сынына жооп берди
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров буга чейин №8 шайлоо округу боюнча талапкер Жылдызкан Жолдошеванын айыптоосуна жооп берип, Боршайком ар бир кайрылууну карап чыгарын билдирди. Бул тууралуу Шайназаров 7-декабрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты. Ал ошондой эле добуштун саны боюнча Жолдошевадан кийин турган талапкер Нуржамал Төрөбекова менен туугандык байланышы тууралуу мындай деди:
“Мен Мады айылынан болом жана ал жактыктар баары менин тууганым. Эгер ата жагымдан карап келсек...