Түркия: ХАМАС Газадагы башкарууну палестиналык комитетке өткөрүүгө даяр
АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС куралдуу тобу Газа тилкесиндеги бийликти палестиналык комитетке өткөрүп берүүгө даяр экенин түрк тышкы иштер министри Хакан Фидан Катардагы форумда билдирди.
Анын айтымында, сектордогу жаңы администрация жана полиция ХАМАС куралын таштаганга чейин ишин баштоого тийиш.
Ишенимдүү башкарууну түзмөйүнчө жана коопсуздук күчтөрү окутулмайынча ХАМАСтын куралын таштоосу күмөндүү экенин Фидан кошумчалады.
Ал полициянын ишине эл аралык күчтөр колдоо көрсөтөрүн белгилеп...