БШК 12 шайлоо округу боюнча чечим чыгарып, жеңүүчүлөрдү бекитти
Борбордук шайлоо комиссиясы 7-декабрдагы отурумунда дагы 12 шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын таанып, жеңүүчү талапкерлерди бекитти.
№2 шайлоо округунан талапкерлер Ырысбек Атажанов (13 791 добуш), Бактыяр Калпаев (6 981 добуш) жана Бурун Аманова (5 078) добуш менен жеңүүчү талапкер деп таанылды.№5 шайлоо округу боюнча жеңүүчү деп таанылгандар: Элдар Сулайманов (18 789), Азамат Исираилов (9 248) Айгүл Ахмедова (5 225)№10 шайлоо округунан Курманкул Зулушев (14 688), Сүйүн Өмүрзаков (7637)...