ЕККУ: Шайлоо алдындагы чектөөлөр жараянга катышууну татаалдатты
Кыргызстандагы Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо кыска аралыкта жакшы уюштурулганы менен шайлоо алдындагы чектөөлөр талапкерлердин жана шайлоочулардын ага катышуусун кыйындатты. Бул тууралуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулар миссиясынын билдирүүсүндө айтылды.
6-декабрда таратылган билдирүүдө өлкөнүн Баш мыйзамында жарандар өз пикирин ачык билдирүүгө, эркин тынч чогулууга укуктуу болгону менен иш жүзүндө улам киргизилген жаңы мыйзамдар менен утур чектелип жатканы айтылды.