УКМК Сирияга кеткен уулун күтүп жүргөн Разия Уметова тууралуу комментарий берди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сирияга кеткен уулун күтүп жүргөн Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарынын тургуну Разия Уметовага байланыштуу комментарий берди. Анда 1992-жылы туулган баласы Нурлан Уметов алгач Орусияга кеткенин, андан ары Сирияга барып, ал жакта куралдуу жаңжалда мерт болгонун билдирди.
"Аны мурда ички иштер органдары кылмыш жоопкерчилигине тарткан жана жергиликтүү жаштар тобунун лидери болгон. Кийинчерээк Уметов Орусияга мигрант катары кетип, ал жерде...