Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоору: Жалал-Абадда беш миң жумушчу тартылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 5-декабрда Жалал-Абад облусунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда жолдун Тош-Кутчу аймагындагы тилкесиндеги туннелдин курулушун көрдү. Курулушта жалпы беш миңдей адам иштеп жатканы айтылды.
"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун долбоору "Торугарт–Арпа– Кош-Дөбө–Макмал–Жалал-Абад" (304,94 км) каттамы боюнча өтөт. Торугарт–Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи...