Зергерчиликке, тигүү тармагына, автоунаа сатууга жеңилдик берген жарлыкка кол коюлду
Президент Садыр Жапаров “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы 6-декабрда маалымдады.
Жарлык зергерчилик жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүү, чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Министрлер кабинетине бир ай ичинде Жогорку Кеңештин кароосуна бул багыттагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, сунуштоо тапшырмасы берилди.
Зергердик өндүрүшү үчүн жабдуу, технология, жарым фабрикат импорттоодо, сыртка...