№8 округ боюнча аймактык комиссиянын талаштуу чечимин БШКнын жумуш тобу карайт
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумуш тобу Жогорку Кеңешке шайлоодогу №8 округдун №5249 жана №5514 тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин териштирет. Бул тууралуу 6-декабрда БШКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
Маалыматка караганда, арыз келип түштү, ал эртең каралат деп пландалууда.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 5-декабрда Фейсбуктагы баракчасына №8 округда аймактык комиссия №5249 жана № 5514 шайлоо...