Майыптыгы бар 258 адам "социалдык ипотека" аркылуу үй алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-декабрда майыптыгы бар адамдар маселесине байланыштуу жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
"2022-жылдан тарта социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бул максаттарга 8,6 млрд сом каралган, ошол эле учурда жөлөк пулдун орточо өлчөмүн (6 411 сом) жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландаштырылууда. Ушул жылы...