Прокурор "Клооптун" мурдагы операторлорун сегиз жылдан абакка кесүүнү сурады
17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда прокурор “Клооптун” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, сегиз жылдан, ал эми басылманын эки эсепчисин алты жылдан абакка кесүүнү сурады. Ишти караган судья кеңешүү бөлмөсүнө кетти.
Шектүүлөрдүн адвокаттары коюлган кинелер боюнча бир да далил жок экенин айтып, актоону өтүндү.
Прокурор “Клооп Медиа” Кыргызстанда соттун чечими менен жабылганын, ушундан улам анда иштөө мыйзамсыз экенин белгилеп, “ага...