Мамлекеттик дума Кыйноолорго каршы Европа конвенциясын денонсациялады
Орусиянын Мамлекеттик думасы президенттин Кыйноолорду алдын алуу боюнча Европа конвенциясынан чыгуу сунушун бир добуштан колдоду.
Юстиция министрлиги денонсация адам укуктарын бузууга алып келбейт, Орусия бул жааттагы негизги эл аралык келишимдерге катыша берет деп ишендирди.
Президент Владимир Путин сөз болгон конвенциядан чыгуу тууралуу мыйзам долбоорун Мамдумага сунуш кылганы 8-сентябрда белгилүү болгон. Бул кадам өлкөнүн 2023-жылдан бери Европарламенттин комитетинде өкүлсүз калганы менен түшүндүрүлгөн.