Мамлекетке 10 млрд сомдук мүлк өттү. "Аю" бизнес-империясы урадыбы?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке өткөнүн жарыялады. Атайын кызмат ишкерди мыйзамcыз иштерге айыптап жатат. Абдыкеримов ким эле жана анын мүлкүнүн мамлекетке өтүшүнүн жагдайлары кандай?
Шаршенбек Абдыкеримов бир кезде жергиликтүү медиалардын бирине “Аю” холдингин кантип өнүктүргөнүн мындайча айтып берген.
“Акаевдин убагында аябай оор болчу. Бакиевдин убагын деле көрдүк. Акаев менен Бакиевдин убагынан, мисалы, 2010-жылга чейин менин үч эле заводум бар болчу.