УКМК Кыргызстанда казак жараны кармалганы боюнча түшүндүрмө берди
Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстанда кармалган казак жаранынын иши боюнча түшүндүрмө берди. Атайын кызмат тараткан маалыматта З.А. аттуу жаран 2,5 миллион долларды ыйгарып алды деген арыздын негизинде кармалганы айтылат.
“Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул факт тастыкталып, Казакстан Республикасынын жараны З.А. кармалган жана ага тиешелүү айып тагылган. Сот анын бөгөт чарасы катары камакка алуу чечимин тандаган”-деп айтылат билдирүүдө.
Айыпталуучу күнөөсүн толук мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтура баштаганын да УКМК кошумчалады.