Кыргызстан Палестин мамлекетин түзүүнү колдой турганын кайталады
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-сентябрда Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышты. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары, өкмөт, парламент жетекчилери, тышкы иштер министрлери, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү келди. Жыйында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланды.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан сөз сүйлөп, 9-сентябрда Доха шаарына жасалган соккуларды катуу айыптарын белгиледи. Бул окуяны эгемендикти одоно бузуу...