Астанада коммуналдык кызматтар жана акимчиликтер эми ишин 7.30да баштайт
15-сентябрдан тарта Астанадагы айрым уюмдар жаңы иш тартибине өттү. Tengrinews.kz. маалымдагандай, эми коммуналдык кызматтар жана акимчиликтер иш күнүн саат 7.30да баштайт.
Кээ бир мамлекеттик органдар менен компаниялар да саат 7.00 же 8.00дөн тартып ачык болот.
Депутат Асылбек Нуралин мындай саамалыкты түшүндүрүп, «эртең менен адам эффективдүүрөк иштейт, андан тышкары жаңы тартип жолдордогу тыгындарды алдын алууга жардам берет», - деп айткан.
Мектептер, ооруканалар жана башка мамлекеттик, муниципалдык...