Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысына сөгүш берди
Президент Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысы Чыңгыз Кожошевге сөгүш берди. Анын администрациясы мындай тартиптик жазаны "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" алганын кабарлады.
"Укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелерди алдын алууга натыйжалуу чараларды көрбөгөнү үчүн берилди",-деп жазылган маалыматта.
Соңку эки айга жакын...