Армения Орусияга нота жөнөттү
Армениянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Еревандагы элчиси Сергей Копыркинди чакырып, нааразылык нотасын тапшырды. Армян тарап ырастагандай, буга орусиялык телеканалдардан кастык маанидеги билдирүүлөр жана армян бийлигинин дарегине карата чабуулдар негиз берген.
Армения ТИМинин билдирүүсүндө орусиялык ЖМКларда өкмөттүн дарегине "кастык пропаганда" жүрүп, бул орусиялык аткаминерлердин, депутаттардын жана эксперттердин комментарийлери менен коштолуп жатканы айтылган.
Ереван мындай билдирүүлөрдү туура эмес деп атап...