Австрияда мектептеги кол салуудан каза болгондор 11 кишиге жетти
Австриянын Грац шаарындагы гимназияда ок атуудан каза болгондордун саны 11 кишиге жетти. Шейшембиде болгон окуяда мектептин мурдагы окуучусу ок чыгарганы, кийин өз жанын кыйганы белгилүү болду.
APA агенттиги жазгандай, каза болгондордун арасында окуучулар жана мугалимдер да бар. Дүйшөмбүнүн кечинде жараат алгандардын бири ооруканада каза болгону такталган. Буга чейин кол салуудан тогуз киши набыт болгону кабарланып жаткан. Ок чыгарган кишини кошкондо, каза болгондордун саны 11ге жетти. Мындан тышкары кеминде он киши жараат алганы...