ТИМ: Түркияда кармалган мугалим коштоп барган окуучулар Кыргызстанга кайтып келди
25-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркияга олимпиадага катышуу максатында кеткен окуучулар Кыргызстанга келгенин маалымдады. Министрликтин маалыматына караганда, Анталия шаарында өткөн математика боюнча эл аралык олимпиадага катышкан 26 окуучу аларды коштоп барган эки мугалим жана ата-энелер келишкен.
ТИМ тараткан маалыматта окуучуларды коштоп барган “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун мугалими Азамат Нурмат уулуна укуктук жардам көрсөтүү иштери уланып жатканы айтылат.
"Стамбул шаарындагы Башкы консулдук иш алып барууда.