Акыйкатчы "Маарифтин" мугалиминин укугун коргоого чакырган кат жолдоду
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун мугалими Азамат Нурмат уулунун Стамбулда кармалышына байланыштуу Түркиянын омбудсмени Мехмет Акарчага кат жолдоду.
Анда акыйкатчы кыргызстандык мугалимдин кармалышына тынчсыздануусун билдирген жана адам укуктарын коргоодо эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү эске салган билдирүү жазылат.
“Түркия жана Кыргызстандын Омбудсмен институтарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде...