Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгү ачылат
Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) өкүлчүлүгүн Кыргызстанга ачуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аталган уюмдун жетекчиси Цюй Дуньюй менен жолугуп, Кыргызстан менен Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы кызматташтыгынын жүрүшү, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүү жана элет элинин турмушун...