ТИМ Түркияда кармалган мугалим боюнча түрк консулуна вербалдык нота тапшырды
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун мугалими Азамат Нурмат уулунун Түркияда кармалышына байланыштуу 24-апрелде Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулуна вербалдык нота тапшырды.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Азамат Нурмат уулуна адвокат табууга көмөк көрсөтүп, Түркиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу максатында консулдук сапар уюштурулду.
Азамат Нурмат уулунун жакындары “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык...