Президент Жапаров БУУнун алдында тоолор боюнча координациялык механизм түзүүнү сунуштады
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-апрелде Бишкекте өткөн «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо» эл аралык конференциясында билдирди. Анда президент Кыргызстан тоо диалогун түзүүдө маанилүү роль ойногонун эске салып, климаттын өзгөрүү шартында бул демилгенин мааниси артканын белгиледи.
“Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы ассамблеясы «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясында 2023-2027-жылдарды Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган.