Стамбулдагы жер титирөөдөн 150дөн ашуун адам жабыркады
Түркиянын Стамбул шаарында 23-апрелде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Өлкөнүн расмий органдары табигый кырсык бир катар имараттарга зыян келтиргенин, андан 150дөн ашуун адам жабыркаганын жана күн бою бир нече жолу жер силкингенин кабарлады.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин жоюу башкармалыгын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Стамбулдан батыш тарапты көздөй 80 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Алгачкы силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:13дө катталса, андан соң 12:49да жер дагы титиреп...