Кыргызстанга желим баштыктарды ташып кирүүгө тыюу салуу сунушталды
Кыргызстанга полиэтилен баштыктарын ташып кирүүгө убактылуу тыюу салуу сунушу берилди. Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыккан тиешелүү токтом долбоору коомдук талкуу коюлду. Долбоордо бул экологияга зыяндын кесепетин азайтып, ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн ишине салым кошору айтылат.
Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетине шилтеме берип 2022-2023 жана 2024-жылы Кыргызстанда 2188 тонна желим баштык өндүрүлгөнүн билдирди. Андан тышкары былтыр чет өлкөндөн 1 млн 684 миң тонна полиэтилен баштыгы импорт болгон.