Депутат Түлөбаев өкмөт каттарга кеч жооп берип жатканын айтып, сындады
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Министрлер кабинети депутаттар жиберген каттарга убагында жооп бербей жатканын айтып, өкмөттү сынга алды.
Ал парламенттин 23-апрелдеги жыйынында мындан ары депутаттардын каттарына министрдин колу жок жооп келсе кабыл албай коюуну сунуштады.
“Акылбек Үсөнбекович тың болчу. Депутаттардын катына бат-баттан жооп берип турчу. Азыркы премьер-министрге жетип, Ысык-Көлдү айланып келгиче канча убакыт өтөт. Бир кат жаздык эле жооп жок. Депутаттын жазган катына жооп берип койсо жакшы болот эле.