Айжигитов сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн БШКга арыз бергенин билдирди
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов мандат маселесине байланыштуу Бишкек шаардык административдик сотуна берген арызын кайтарып алганын 13-апрелде “Азаттыкка” билдирди. Мындай чечимин алгач Борбордук шайлоо комиссиясы менен сотко чейинки алдын ала териштирүү жүргүзүү аракети менен байланыштырды.
“Бир айдын ичинде сотко чейинки териштирүүнү БШК менен жасабасаң, сот 28-апрелден кийин арызымды такыр кабыл албай койгонго акысы бар экен. Ошого мен 8-апрелде соттон арызымды кайра алып, ошол эле күнү БШКга бергем.