Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
Шашылыш билдирүү
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-апрелде күн ысып, кардын тездик менен эришине байланыштуу жана 14-апрелде жер-жерлерде нөшөрлөп жааган жаандар улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Аба ырайы
14-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап...