Ала-Арчага майдан баштап автоунаалар киргизилбейт
Ала-Арча жаратылыш паркына май айынан баштап күйүүчү май менен жүргөн автоунаалар киргизилбейт.
Келген конокторду парктын ичине атайын уюштурулган электрокарлар жеткирет.
Президенттин иш башкармалыгы мындай чектөө экологиялык туруктуулукту сактоо багытында кабыл алынганын билдирди.
"Жакын арада Бишкектен түз автобус каттамдары ишке кирет, буга чейинкидей парктын кире беришинде тыгындар болбошу керек. Паркта алгачкы ирет курулуп жаткан асма жол жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана...