Якутияда авто кырсыктан кыргыз жана тажик жарандарынын өмүрү кыйылды
Орусияга караштуу Якутия жумуриятындагы Алдан шаарында болгон жол кырсыгынан Тажикстандын төрт жана Кыргызстандын бир жараны каза тапты. Бул тууралуу Алдан шаарынын өзгөчө кырдаалдар кызматы 11-апрелде билдирди.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, кырсык эртең менен болгон. Мигранттар бараткан Toyota Prius машинеси КамАЗ жүк ташуучу автоунаасы менен сүзүшкөн. “Озоди” радиосуна каза болгондордун туугандары билдиргендей, тажикстандыктардын баары Согд облусунун Шахристан районунун тургундары болгон жана ошол эле күнү Тажикстандан келишкен.