Башкы прокуратуранын алдында дагы бир адам өзүнө өрт койду
31-мартта Башкы прокуратуранын имаратынын маңдайында жайгашкан автоунаа токтотуучу жайда бир адам өзүнө өрт койгон. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө өзүн өрттөгөн адам 65 жаштагы Ф.И. экени аныкталган. Буга Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмү ага алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону негиз болгон. Кылмыш иши тергелип бүтүп, райондук сотко өткөрүп берүү үчүн Москва районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.