УКМК Досоновдун буюртмасы менен киши өлтүрүү фактысы аныкталганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досоновдун буюртмасы менен он жыл мурда жасалган киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, быйыл УКМК 2015-жылдын 7-августунда Ош шаарынын тергөө абагында каза болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган тургунунун (А.З.А.) өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон.
Тергөөдө Кадырбек Досонов менен маркумдун (А.З.А.) ортосунда жеке кастык мамилелер болгондугу...