Литвада машыгуу маалында жоголгон америкалык үч аскердин сөөгү табылды
Литвада машыгуу учурунда дайынсыз жоголгон үч америкалык аскердин сөөгү сазга чөгүп кеткен аскердик техниканын ичинен табылды. Төртүнчү жоокерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу АКШнын Европадагы жана Африкадагы куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы 31-мартта билдирди.
Командачылык жоголгон аскерлерди табууга көрсөткөн жардамы үчүн Литва менен Польшанын аскерлерине ыраазычылык билдирди. Издөө иштерине тик учактар, дрондор жана аскерлер тартылганы маалымдалган.
25-мартта АКШнын армиясына таандык M88...