Айжигитов мандаты боюнча БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды
Султанбай Айжигитов аны Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирди. Соттук отурум качан болору азырынча белгисиз.
Боршайком 28-мартта Султанбай Айжигитовдун мандатын алган. Ал жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов Султанбай Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана...