Жакынкы жайыттарды колдонууга күзгө чейин чектөө кирет
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жакынкы жайыттарга мал жаюуга 15-апрелден 15-сентябрга чейин чектөө кире турганын билдирди.
Аталган министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта мал ээлери бул аралыкта алыскы жайыттарды пайдаланууга тийиш.
"Жайыт жерлеринин деградациясын азайтуу, жакынкы жайыттарды жакшыртуу жана алардын азыктуулугун жогорулатуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 23-июлунда №04-13/152 буйругу чыгып...