Сириянын лидери Ахмед аш-Шараа өткөөл өкмөттүн курамын бекитти
Сириянын лидери Ахмед аш-Шараа 23 министрден турган өткөөл өкмөттүн курамын бекитти. Reuters агенттиги ага алавиттер, друздар жана христиандар өңдүү диний азчылыктардын өкүлдөрү дагы киргенин жазды.
Өкмөттүн жаңы курамына ылайык, эмгек министри болуп христиан аял Хинд Кабават дайындалды. Ал бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын тушунда ага оппозиця болгон жана дин аралык толеранттуулук маселесин көтөрүп келген.
Алавит азчылыгынан өкүлү Яруб Бадр транспорт министри кызматына келди. Бул агым...