Таласта жер титирөөдө 48 үй жабыркаганы такталды
Талас облусунда 28-мартта таңкы саат 4.42 жана күндүз 16.56да болгон жер титирөөдө жалпы 48 үй жабыркаганы аныкталып, акт түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Мекеме алардын 31и камсыздандырылганын белгиледи.
Жабыркаган үйлөрдүн теңинен көбү (26 үй) Көпүрө-Базар айылында болгон. Калгандары Арал (12 үй), Үч-Эмчек (2 үй), Талды-Булак (6 үй), Манас (1 үй), Көк-Ой (1 үй) айылдарында аныкталган.
Таласта 28-мартта күчү 5,3 жана 5,5 баллга жеткен эки жер титирөө болгон жана...