Мьянмада жер титирөөдө мерт болгондордун саны 1600дөн ашты
Мьянмада 28-мартта күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 1600дөн ашты. Би-Би-Си өлкөнүн бийлигине шилтеме кылып дагы 3,5 миңге чукул адам жараат алганын кабарлады.
Учурда дагы ондогон кишинин дайыны чыкпай жатат, куткаруу, издөө иштеринин жүрүшүндө набыт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн.
АКШдагы геологиялык кызматтын (USGS) маалыматына караганда, жума күнү катуурак болгон биринчи жер титирөө 10 чакырым тереңдикте Мьянманын борбордук бөлүгүндө болжол менен саат 12:50дө катталган.