Кыргызстанда балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 60 миңге жетти
Кыргызстанда ажырашып, бирок балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 60 миңге чамалайт. Алардын ичинен 1400дөн ашуун кишиге алимент төлөбөгөндүгү үчүн издөө жарыяланган. Бул тууралуу Сот департаментинин адиси Азамат Курманбеков “Азаттыктын” “Эже-сиңдилер” көрсөтүүсүндө билдирди. Анын айтымында, алименттен карызы 300-400 миң сомго чыгып кеткендери дагы бар.
Сот департаментинин маалыматы боюнча, 59 миңден ашык иш ачык турат.
Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.